• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кубатбек Боронов премьер-министр катары биринчи жумушчу кеңешмесин өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Премьер-министр Кубатбек Боронов вице-премьер-министрлердин жана өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчыларынын катышуусунда биринчи жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде Кубатбек Боронов өкмөттүн иши өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган системалуу өзгөрүүлөрдү улантууга багытталарын белгиледи.

Премьер-министр өкмөттүн ишинин 11 артыкчылыктуу багыты бар экенин айтты.

«Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатына басым жасоо жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо зарыл. Коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу бир катар маанилүү милдеттерди аткаруу мөөнөтү кийинкиге жылдырылган. Биздин милдет – канча иштей турганыбызды ойлонуп отурбастан, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү. Кандайдыр бир кадрдык өзгөрүүлөр болбойт. Ар бир жетекчинин милдети – орун алган маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүү, күн сайын жарандардын жашоосун жакшыртуунун жана экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун үстүндө иштөө болуп саналат», – деди Кубатбек Боронов.

Ал вице-премьер-министрлердин жана өкмөт аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери астында Өкмөттүн негизги артыкчылыктары жана анын ишинин принциптери катары чечим кабыл алуудагы ачык-айкындуулукту белгиледи.

Премьер-министр ошондой эле өкмөт аппаратынын мамлекеттик органдардын ишин координациялоодо жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өкмөт башчы күнүмдүк иш алып барууда коомдун пикирин эске алуунун жана Кыргыз Республикасынын президентинин жана Жогорку Кеңешинин аппараты менен тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий