• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кудайбердиева: Жылдын аягына чейин 765 мектепти интернетке кошуу пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. «Жылдын аягына чейин 765 мектепти интернетке кошуу пландалууда. Анын 70% 1-сентябрда, калган 30% жаңы окуу жылынын ноябрь айында интернетке кошулат», – бул тууралуу бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева «Окуу жылынын жыйынтыгы, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жаңы мектептердин курулушу» тууралуу маалымат жыйында билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, бүгүнкү күндө билим берүү системасында 70 миң мугалим эмгектенип, алардын орточо айлык маянасы 12 800 сомду түзөт.

«Учурда 5-класстан жогорку мектеп окуучуларына англис тили жана информатика сабактарын жумасына 5 саатка чейин киргизип, сабактардын санын көбөйтүү пландалууда. Буга чейинки окуу планы боюнча англис тилине жумасына 2 саат, ал эми информатикага 1саат берилчү», – деди ал.

Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында 2017-жылы жалпы мектептердин абалына анализ жургүзүлүп, жыйынтыгында 193 мектептин 108 жаңы имаратка муктаж экени аныкталган.

«73 мектеп капиталдык оңдоого муктаж, 12 мектеп авариялык абалда. Муну менен бирге Ош облусунун жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Өзгөн жана Алай райондоруна үч мектеп куруу керек. Бул мектептер жана авариялык абалдагы 12 мектеп эмки жылы республикалык бюджеттин эсебинен курула турган мектептердин тизмегине болжолдуу түрдө киргизилди», – деди Гүлмира Кудайбердиева.

Мындан сырткары анын айтымында, Сауд Аравия өнүктүрүү Фондунун эсебинен каржылана турган 16 мектептин курулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Өзбекстан Республикасы менен кызматташуунун алкагында Ош шаарына жана Россия Федерациясы менен кызматташуунун алкагында Бишкек шаарына мектептерди куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий