• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кудайберген Базарбаев социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде социалдык коргоо жана кошуундар кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп ɵттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кызматкерледи кесиптик майрамы менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев куттуктады.

Ар бир эле жаран социалдык кызматкер боло албаарын, муну жан дили менен туюп, сезе билген адам гана ушундай кызматты аркалай алаарын Кудайберген Базарбаевич белгилеп ɵттү.

"Социалдык кызматкерлердин жасаган жумушу чон. Күнүгɵ аткарып жаткан милдеттериниздер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, уулгайган жарандарга, жумушсуздарга, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-булɵлɵргɵ жана балдарга арналган. Учурда министрлик кепилденген милдеттемелердин баардык турун толугу менен аткарууда. Ар кандай социалдык тɵлɵмдɵр жана кызматтар менен 1 миллиондон ашык адам камсыздалып келет. Урматтуу кесиптештер, Сиздердин эмгегиниздер сезимталдыкты, кайрымдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Бүгүнкү салтаннаттуу күнү Сиздерди кесиптик майрамынар менен чын жүрɵктɵн куттуктайм. Сиздерге күч кубат, узун ɵмур, ден соолук жана бакыбат жашоо каалайм"- деди министр.

Пикир

Оставить комментарий