• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кудайбергенов кредиттик компаниянын курмандыгы болгон 91 жаштагы апага жардам берди

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакан кредиттик компаниянын курмандыгы болгон 91 жаштагы Керээз Оморовага жардам берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында 91 жаштагы Оморова үй-бүлөсү менен кредиттик компаниянын курмандыгы болуп, натыйжада үй-жайсыз калганы тууралуу маалымат тараган.

Маалыматка ылайык, ал жардам берүүнү өтүнүп КР президентине кайрылган.

Кечээ, 13-июлда Б.Кудейбергенов аталган окуя ЖМКларга жарыялангандан кийин дароо чоң апа менен жолугуп, жардам берген. Ага убактылуу турак-жай, материалдык жардам, биринчи керектелүүчү буюмдар жана сатылып алынган тамак-аш берилди.

Аталган маселе шаар башчысынын өзгөчө көзөмөлүнө алынды.

Пикир

Оставить комментарий