• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КУЭТ ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүп баштады

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. “Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү” ААКсы кезектеги күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүп баштады. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылга 200 км электр чубалгыларын жана 1200 көмөк чордон жабдууларын оңдоо пландалган. Ошондой эле, 3600 км ашык чубалгылары жана 20 миңден ашык көмөк чордон жабдуулары оңдолгон. Мындан тышкары, республиканын облустарындагы өндүрүш имараттарын жана курулуштарын оңдоо пландалууда. Учурда камылга бөлүктөрүн даярдоо жүрүп жатат.

2017-жылы Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Бишкек жана Ош шаарларын электр менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору аяктайт. Анын алкагында «Кызыл-Аскер», «Восточная», «Кара-Суу» 100 кВ көмөк чордондорун кайра куруу жүрүүдө.

Азия өнүктүрүү банкынын “Энергетика секторун өнүктүрүү” долбоору боюнча өчүрүүчү жабдууларды, ток жана кубаттуулук трансформаторун, чубалгыларды монтаждоо жана SCADA тутумун киргизүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, энергетика объектилерин кайра куру, жакшыртуу жана куруу, анын ичинде аккумулятордук батареяларды алмаштыруу, транформаторлорду орнотуу ж.б. иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий