• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулагы укпаган 8 кичинекей кыргызстандыкка атайын жабдуу белек кылышат

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.18. / Кабар/. Алгачкы ирет өлкөбүздө кохлеардык имплантты киргизүү талкууланып жатат. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын өлкөбүздө 155 миңге жакын бала төрөлүп, анын ичинен 27 450 бала майып болуп төрөлөт. Бул өтө эле чоң сан. Алардын ичинде кулагы начар уккандар да бар.

“Дүйнөлүк статистика боюнча жаңы төрөлгөн 1 миң балага кулагы начар уккан 0,5-1% бала төрөлөт. Он жыл ичинде мындай балдардан миңдеп төрөлөт жана аларга атайын мектеп, жашоо шарттар керек. Имплант коюу операциясы кымбат турат. Алсак, 1 кохлеардык имплант 25-40 миң евро турат. Андан тышкары, операциянын акчасы бар”, - деди Узакбаев.

Ушундай кыйынчылыктары болуп, бирок акчасы жоктор эмне кылат?

Директордун билдиришинче “Ленхарт” эл аралык фонду жардам колун сунган.

“Биз быйыл балдардын угуусун жакшыртуу боюнча меморандумга кол койгонбуз. Алар бизге акысыз түрдө дээрлик 150 миң евролук 8 имплант алып келишти. Алдыда мындай жардамдар дагы да болушу мүмкүн. Балдардын ден соолугу - барынан кымбат. Алар келечекте биздин мамлекетти көтөрөт”, - дейт Камчыбек Узакбаев.

Пикир

Оставить комментарий