• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов абактан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга кесилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланды.

Судья кеңешүүчү бөлмөдөн чыгып, өкүмдү окуп берди. Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, сот залынан бошотулду. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары, калган айыпталуучуларга айыппул салынып, сот залынан бошотулду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий