• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулматов/Ибраимовдун соту: Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карайт

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 2-майда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдор боюнча соттук отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө жактоочулар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сураныч узатышкан. Ал эми прокуратура бул сунушту колдогон эмес.

Судья кеңешүүчү бөлмөгө кирип кеткен.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий