• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимов №1 тергөө абагына которулбайт

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жана дагы 10 адамдын иши каралууда.

Отурумдун жүрүшүндө төрагалык кылган сот Кулматов менен Ибраимов №1 тергөө абагына которулбайт деди.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий