• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Айыпталуучулардын бирине карата ачылган кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнүч келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча сот отуруму уланууда.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Тулебердиевдин адвокаты өзүнүн коргоосундагы адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнүч келтирди. Ал жер берүү боюнча эпизоддо айыпталуучу катары өтүүдө. Адвокаттын айтуусуна караганда, Тулебердиевдин күнөөсүн тастыктаган далилдер жок.

Сот кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти. Бирок кайтып келген соң өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий