• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Беш күбө сурак берди

Коом 0

Бишкек, 19.08.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдун жана 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурумда 5 күбө сурак берген. Анда "Ала-Тоо" ресторанынын жанындагы жер тилкеси тууралуу сөз болгон. Күбөлөр жер тилкенин сатып алуу баасы жана акчаны берүү жөнүндө сөз болгон.

Отурум саат 13:00гө жылдырылды. Ал убакка чейин отурумга башка күбөлөр келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий