• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Билим берүү министрлигинин өкүлүнөн сурак алуу башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум кайрадан өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө Билим берүү министрлигинин өкүлү сурак берүүдө.

«2014-жылдын 3-январында жыйын өткөн, анда эки мектептин курулушу боюнча сунуш айтылган. Май айында Билим берүү министрлигине мектептердин курулушунун сметасын изилдеп, керектүү документтерди даярдоо тапшырмасы берилген. Курулушка 2 млн доллар каралган. Кайсы мектепке канча сарпталганын билбейм», - дейт жабырлануучу.

Прокуратура маалымдагандай, жабырлануучунун көрсөтмөсү кылмыш ишиндеги көрсөтмөгө дал келбейт, ошондуктан жакшылап даярданып келүү сунушу айтылды.

Жабырлануучу бир катар суроолорго жооп бере албай, кийинки отурумда жооп бере тургандыгын суранды. Судья өтүнүчтү канааттандырды.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий