• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Билим берүү министрлигинин өкүлү суралууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 6-март күнү Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Соттук отурумда Билим берүү министрлигинин өкүлү суралууда.

"2014-жылдын 3-январында өкмөттүн кеңешмеси өтүп, анда TBEA компаниясынын гранттык каражаттарын бөлүштүрүү маселеси талкууланган. Берилген каражаттын ичинен 2 млн доллар эки мектептин курулушуна каралган. 3-майда министрлик Чүй жана Ош облустарында эки мектеп салууну сунуштаган. Жыйынтыгында акча Ак-Өргө жаңы конушундагы мектептин курулушуна кетти. Ал, мэр президенттен гранттык каражаттарды Бишкектеги мектептин курулушуна берүүнү суранганынан болду. Жыйынтыгында мамлекетке 94 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилди", - деди министрликтин өкүлү.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий