• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Бишкек мэриясынын өкүлү сурак берүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум кайрадан өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын өкүлүнөн сурак алуу башталды.

«TBEA компаниясы өлкөдөгү эки мектептин курулушуна 2 млн АКШ долларын бөлүүнү караштырган. Долбоор сунушталгандан кийин Калыс-Ордо конушуна мектеп куруу чечими чыккан. Макулдук берилген, анткени, аталган конуш көйгөйлүү болуп, мектептин курулушуна акча каражаты жок болгон. Меморандумга кол коюлуп, ар кандай процедуралар башталган. TBEA компаниясы подрядчикти тандап, курулуш иштери башталган. Бирок, кийин бир катар себептерден улам келишим жокко чыгарылган. Ошентип, курулуштун жүрүшүндө подрядчиктер бир нече жолу алмашып, ага байланыштуу каражат жетпей калып, кошумча каражаттарды сарптаганга туура келген. Курулуштун жүрүшүндө финансылык өңүттөгү ар кандай дооматтар болгон. Ошондой эле тендер айрым иштерге гана өткөрүлгөн», - дейт мэриянын өкүлү.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий