• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Бишкек шаардык соту өкүмүн чыгарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.20 /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Кеңешме бөлмөсүнөн келгенден кийин сот өкүмүн угузду.

Сот буга чейин Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Ибраимовдон башка айыпталуучулардын баарынан үй камагында болуу чечими алынды.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий