• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму кайрадан жылдырылды.

Бул жолу кайрадан эле айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбегендиги себеп болду. Кийинки соттук отурум 17-апрелге белгиленди.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий