• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс дагы жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 28.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 28-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана дагы он айыпталуучулардын иши боюнча кезектеги соттук отурум өтмөк.

Бирок, отурум жактоочунун келбегендигине байланыштуу жылдырылды.

Кийинки отурум 30-август күнү өтөт.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий