• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Ленин райондук сотундагы борбор калаанын мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отуруму керектүү шарттар жок болгондугуна байланыштуу жылдырылды.

Ленин райондук соту билдиргендей, кийинки отурум 13-мартта өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий