• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши. “Дастан Инжиниринг” компаниясынын мурдагы башкы директору менен бухгалтери сурак берүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.08.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана дагы он айыпталуучунун иши боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Отурумда “Дастан Инжиниринг” компаниясынын мурдагы бухгалтери Мурзаканов менен мурдагы башкы директору Сасыбаева сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий