• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Иштин материалдары менен таанышуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланууда.

Соттук отурумда иштин материалдары менен таанышуу уланууда. Учурда Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча эпизод каралууда.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий