• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Күбө катары Сариев менен Калиев сурак беришти

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.19 /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумда “Калыс-Ордо” конушунда мектеп куруу маселеси боюнча мурунку премьер-министр Темир Сариев жана Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев сурак беришти.

Сариевдин айтуусу боюнча, ошол маалда ал экономика министри болуп турган, ведомство мектеп боюнча атайын бүтүм берген. Ал белгилегендей, мектеп куруугу каражат бөлүү аргасыз болчу, анткени жаңы конуштарда билим берүү мекемелеринин абалы абдан оор болчу.

Ал эми Калиев билдиргендей, ошол маалда ал энергетика министринин орун басары кызматын ээлеп турган. 2014-жылы 10-сентябрь күнү ал ТВЕА компаниясы менен 20 млн. доллар бөлүү боюнча келишимге кол койгон. Бул техникалык грант болчу, анын ичинде 2 мектеп да көрсөтүлгөн. Бир жылдан кийин Бишкек шаарында дагы бир мектеп куруу боюнча токтом чыккан.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий