• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: "Күнөстүү жээк" пансионаты боюнча күбөдөн сурак алуу башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук жыйындын жүрүшүндө "Күнөстүү жээк" ("Солнечный берег") пансионаты боюнча күбөдөн сурак алуу башталды. Биринчи болуп прокурордун суроолоруна 2013-жылы ошол пансионаттын 100% акцияларын сатып алган жаран жооп берди.

“2013-жылы мага тааныштарым аларга “коңшу” болууну сунушташты. Мен ал жакты көрүп, кийин сатып алууну чечтим. Ошол кезде “Дастан” заводунда каржы жактан чоң көйгөйлөр болуп, алардын каржы директоруна жолугушууну чечтим. Мен 47 млн. сомду сунуштадым. Кийин мен юристтер менен жолугушууда сатып алууга кызыктар экенимди билдирдим. Ибраимовдун өзү менен сүйлөшүүлөрдүн кереги жок болду”, - дейт күбө.

Анын айтуусу боюнча, ал адегенде ошол пансионатка байланыштуу пландар болуп, кийин сатып жиберүүнү чечкен.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий