• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Карагулов аттуу күбөдөн сурак алуу башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 9-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сурак алуу учурунда күбө Москва көчөсүндөгү батир анын атына катталгандыгын айткан.

“Москва көчөсүндө жайгашкан кеңсе жеке жак катары менин атыма катталган. Ал жак штаб болчу. Батир ижарага алынган болчу. Шайлоонун алдында Албек Ибраимов кээде келип турчу. Тинтүү болгондо мен ошол жакта элем. Документтердин көчүрүлмөлөрүн алып кетишкен, бирок, кайсыл документтер экендиги менин эсимде жок”, - дейт Карагулов.

Ал А.Ибраимовдун штабында иштеген.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий