• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Каражаттар Билим берүү министрлигине берилиш керек эле - күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумда Энергетика министрлигинин башкы адиси Марат Жээнбеков “Калыс-Ордо” конушундагы мектепти куруу боюнча көрсөтмө берүүдө.

“2014-жылы мен Энергетика министрлигинде башкы адис болуп иштегем. Протолго жараша ТВЕА компаниясынын каражаттарынын эсебинен мектептерди курууга 2 млн. сом бөлүнгөн. Бирок, жыйынтыгында бир гана мектеп курулган. Өкмөттүн чечими менен каражаттар Билим министрлигинин балансына өткөрүлүп берилиши керек эле. Кийинчерээк, каражаттар Бишкек шаарынын мэриясына “Калыс-Ордо” конушунда мектеп куруу үчүн берилген”, - дейт Жээнбеков.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий