• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Сарпашев сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.19 /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев сурак берди. Ал Калыс-Ордо конушунда курулган мектепке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Сарпашевдин айтуусу боюнча, авариялык абалдагы мектептердин тизмеси түзүлүп, Өзгөн жана Москва райондорундагы эки мектепте гранттардын эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган. Финансы министрлигине 2 млн. доллар каражат которулуп, кийин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланмак. Бирок, ошол маалда Сарпашев башка кызматка кеткендигине байланыштуу андан кийин эмне болгондугун билбейт.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий