• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Отурум 2-декабрга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.19 /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды.

Бирок соттук отурум бир нече жактоочунун жоктугуна байланыштуу 2-декабрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий