• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Отурум 21-октябрга жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.10.19 /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Танапистен кийин бир катар адвокаттар отурумга келишкен жок. Ага байланыштуу отурум 21-октябрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий