• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Отурум болгон жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланмак.

Отурумда сот мектептин курулушуна байланыштуу эпизод боюнча иштин материалын иликтеши керек болчу. Бирок адвокаттарындын жоктугуна байланыштуу отурум 22-ноябрга жылдырылды.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий