• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Отурум уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды.

Отурумдун жүрүшүндө мэриянын өкүлүнөн сурак алуу уланууда. Ал Калыс-Ордодогу мектептин курулушуна жумшалган каражаттар көрсөтүлгөн маалыматты көрсөттү.

Айыпталуучулардын өкүлдөрү өз кезегинде зыян эмнеден тургандыгы айтылган маалыматтарды көрсөтүүнү суранышты. Судья билдиргендей, мындай маалымкаттарды адвокаттар өз алдынча деле сурап алышса болот.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий