• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Соттук угуунун жүрүшүндө жактоочулар бир катар өтүнүчтөрдү келтирген, алардын бири сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү. Бирок судья алардын өтүнүчүн канаатандырган жок. Кийинки отурум 16-октябрга белгиленди.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий