• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Отурумда кошумча күбөлөр суралат

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум кайрадан башталды.

Жактоочу тарап мурда көрсөтмө берген күбөлөр толугу менен суралбагандыгын айтып, аларды кайрадан сурап чыгуу өтүнүчүн келтиришти.

Сот кеңешип, өтүнүчтү канааттандырды.

Ошентип, отурумда мурда сурак берген күбөлөр жана суракка ар кандай себептерден улам келбей калган айрым эксперттер суралмакчы.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К. Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн 884 миң сомго бааланган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий