• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Сот кеңешме бөлмөсүнө кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз аяктап, алымча-кошумчалар айтылып, айыпталуучулар акыркы сөзүн айтты. Сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий