• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Сот тыныгуу жарыялады

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата кылмыш ишинин процесси уланууда.

Учурда айыпталуучулардын биринин адвокаты кечиккендиктен сот Кубанычбек Касымбеков тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий