• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Сотто Калыс-Ордо эпизоду боюнча материалдар иликтенүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19 /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө сот Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча эпизоддун материалдарын иликтейт.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий