• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Сотту ишти кароодон четтетүү өтүнүчү келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө сотту ишти кароодон четтетүү өтүнүчү келтирилди. Сот кеңешме бөлмөсүнө кетип, андан келгенден кийин өтүнүч канааттандырылбаганын билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий