• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Тараптардын оюу угулуп, баш коргоо чарасы тандалгандан кийин сот отурумду жылдырган.

Кийинки соттук жыйын 6-сентябрь күнү өтөт.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий