• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Соттук отурумдарда дээрлик 80 күбө суралды – прокурор

Коом 0

Бишкек, 16.10.19 /Кабар/. Борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана 10 айыпталуучунун иши боюнча өткөрүлгөн соттук отурумдарда дээрлик 80 күбө суралган. Бул тууралуу Чүй облусунун прокурорунун орун басары Марат Абсатаров билдирди.

"Аты аталган адамдар 4 эпизод боюнча айыпталууда – жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү, "Дастан" улуттар аралык компаниясынын атайын шаймандарды сатып алуусу, "Күнөстүү жээк" пансионатынын сатылышы жана Калыс-Ордодогу мектептин курулушу. Соттук отурумдардын жүрүшүндө 80 адам суракка алынган. Кийинки отурумда айыпталуучулар суралып, андан соң иштеги далилдерди кароого өтөбүз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов, шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы С.О. жана алар менен байланышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий