• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Тараптар жарыш сөзгө өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.20 /Кабар/. Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө өттү.

Кийинки процесс 24-июнда өтөт.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан.

Пикир

Оставить комментарий