• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Тараптардын жарыш сөзү уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланууда.

Отурумда тараптардын жарыш сөзү уланып жатат. Азыркы учурда мектептин курлушу жана жер тилкесине байланыштуу эпизод боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары сүйлөп жатышат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий