• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Жактоочунун келбегендигине байланыштуу отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. Бүгүн, 29-сентбярда Жогоку сотто экс-мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Отурум жактоочунун келбегендигине байланыштуу болгок жок. Кийинки отурум 13-октябрга белгиленди.

Эске сала кетсек, мурдагы мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Ленин райондук сотунун чечими менен Кубанычбек Кулматовго 5 млн сом айып салынган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучуларга айыппул салынып, алар сот залынан бошотулушкан. Андан кийин Бишкек шаардык соту Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий