• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Жарыш сөз жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.19 /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрь күнү Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук жараян уланууда.

Соттук отурумунда жарыш сөз жүрүүдө. Учурда прокурор чыгып сүйлөөдө. Азыр Калыс-Ордодогу мектептин курулушуна байланыштуу эпизод каралууда.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий