• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматов менен Ибраимовдун соту: Айыпталуучулардын бирине тез жардам чакырылды

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучулардын бири Сейиткан Алиев өзүн начар сезип, тез жардам кызматын чакырууга туура келди.

Сот Кубанычбек Касымбеков отурумду улантты.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий