• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулматов менен Ибраимовдун соту. Ишти кароо шаардык сотко өткөрүлүп берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.09. 19 /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумдун башында жактоочулар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын кароо тууралуу өтүнүч келтиришти. Ошол себептен ишти кароо шаардык сотко өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий