• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кулматов / Ибраимовдун соту жылдырылды. Айыпталуучулардын бири күнөөсүн моюнуна алууну чечти

Коом 0

Бишкек, 17.04.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун соттук отуруму өтмөк. Бирок бул отурум кайрадан жылдырылды.

Отурумдун жылдырылышы, экс-мэрлер менен кошо айыпталып жаткандардын бири өз күнөөсүн моюнуна алуу өтүнүчүн келтиргени менен байланыштуу болду.

Кийинки отурум 24-апрель күнү өтөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов, шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы С.О. жана алар менен байланышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. "Коррупция" беренеси боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий