• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун соту: Слесарев иштерди өз-өзүнчө кароо боюнча өтүнүч келтирди

Коом 0

Бишкек, 17.06.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдордун жана 10 айыпталуучунун иши боюнча соттук отурум жүрүүдө.

Айыпталуучулардын жактоочусу Слесарев иштерди бөлүп кароо боюнча өтүнүч келтирген. Анын ою боюнча, муну менен иштерди кароо жеңилдейт. Жактоочу Ибраимовдун ишин өзүнчө өндүрүшкө чыгарууну суранган.

Бирок, сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий