• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун соту: Жактоочу баардык айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Соттун жүрүшүндө белгилүү болгондой, сотко УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловдон кат келген. Катта УКМКнын Тергөө абагы толуп калгандыгына байланыштуу, аталган иш боюнча айыпталуучуларды №1 Тергөө абагына которууну суранган.

Жактоочулар ага каршы чыгып, баардык айыпталуучулардын баш коргоо чарасын камакка алуудан башка чарага өзгөртүүнү суранган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий