• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кулматов менен Ибраимовдун сотунда кайрадан эл көп

Коом 0


Бишкек, 17.04.19 /Кабар/. Бүгүн, 17-апрель күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун сотунун кезектеги отуруму өтүп жатат. Бул ирет да отурумга келгендердин саны көп.

Айыпталуучулардын туугандары менен тааныштары отурум залына кирүүгө аракет жасоодо. Ал эми, күзөттө тургандар биринчи кезекте залга адвокаттар кириши керектигин айтышууда. Бирок келгендер ага макул болбой жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов, шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы С.О. жана алар менен байланышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий