• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кулматов сентябрдын аягына чейин камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Бишкек шаардык соту баш коргоо чарасы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ошентип Кулматов 2018-жылдын 28-сентябрына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калат.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

Пикир

Оставить комментарий