• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулматова менен Ибраимовдун иши. Сотто видео тасма тууралуу өтүнүч келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 31-май күнү мурунку калаа башчылары Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурумдун башталышында жактоочу Слесарев отурумдун ачык-айкын өтүүсү үчүн видео тасма тууралуу өтүнүч келтирген. Жактоочуну башка кесиптештери жана прокуратура колдогон.

“Катчы тарабынан аудио жаздыруу жүргүзүлөт. Слесаревдин өтүнүчү боюнча айыптоочу тарап да каршы эмес. Видео жаздыруу жүргүзүү үчүн залда система бар, ошол себептен биз каршы эмеспиз”, - деди прокурор.

Судья өтүнүчтү кабыл алып, иштин материалдарына киргизген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен байланышы бар жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий