• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кулматовдун камактагы мөөнөтүн 31-декабрга чейин узартышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.18. /Кабар/. Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун камактагы мөөнөтүн 2018-жылдын 31-декабрына чейин узартышты. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, 18-майда ага коррупция боюнча айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында TBEA кытайлык компаниясы тарабынан аймактарга 2 мектеп куруу үчүн берилген 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз колдонгон.

Пикир

Оставить комментарий